Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
17-АВГУСТТА 2022-2023-ОКУУ ЖЫЛЫНА ЖОЖдорго КАБЫЛ АЛУУНУН V ТУРУ АЯКТАЙТ

Көрүлдү: 2307

Абитуриенттер жогорку окуу жайларына тапшыруу сынагына катышуу үчүн 2022-жылдын 17-августу саат 14:00гө чейин V турга өтүнмө бере алышат.

post.title

Ар бир турда бир бюджеттик окууга жана бир келишимдик окууга өтүнмө берүүгө болот. Арыздарды бир университетке же эки башка окуу жайга тапшырууга мүмкүн.

ЖОЖго тапшыруу үчүн “Абитуриент online” автоматташтырылган электрондук системасы аркылуу каттоодон өтүп, тизмеден https://2020.edu.gov.kg/universities жогорку окуу жайды тандап, өтүнмө берүү зарыл. Андан кийин бюджеттик жана келишимдик негизде окууга орундардын саны, жылдык окуу акысынын өлчөмү, ЖРТнын жыйынтыгы же предметтик тесттердин зарылдыгы жөнүндө маалымат алууга болот.

Аймактардагы абитуриенттер ЖОЖго тапшыруу сынагына университет жайгашкан жерге барбай туруп, интернет аркылуу катыша алат.

13-августка карата маалымат боюнча IV турда бюджетке  766 абитуриент, келишимдик негизде – 2256 абитуриент катталган. Жогорку окуу жайлардын сунуштамасынан кийин бюджеттик негизде окууну 203, келишимдик негизде окууну 1458 абитуриент тастыктады.

IV турдун жыйынтыгы боюнча гранттык орундардын 91,6% жана келишимдик орундардын 21,9%ы пайдаланылды.

V турга бюджеттик негизде 405 ваканттык орун, келишимдик негизде 64863 бош орун бар.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар