Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МЕКТЕПКЕ ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО: АТА-ЭНЕЛЕРДИН АРЫЗДАРЫ КАБЫЛ АЛЫНУУДА

Көрүлдү: 1392

Бүгүн, 15-августтан тарта Бишкек шаарындагы Октябрь, Свердлов, Биринчи Май жана Ленин райондорунун билим берүү бөлүмдөрү баласын мектепке онлайн каттай албай жаткан ата-энелердин арыздарын кабыл алууну баштады.

post.title

Жаңы окуу жылы башталарына аз калгандыгына байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгы менен биргеликте баласын 1-класска каттоого жетишпей калган же каттоо учурунда көйгөй жаралган ата-энелерге көмөк көргөзүү үчүн атайын топ түздү.

Комиссиялык топ ата-энелерден келген арыздарды карап чыгып, тиешелүү микроучастогу боюнча катталуусуна байланышкан маалымат менен камсыз кылат. Аталган топ аптасына 2 жолу билим берүү бөлүмүнө келип, калтырылган арыздарды жеринде карап чыгат.

Ата-энелер иш күндөрү (дүйшөмбүдөн – жумага чейин) тиешелүү микроучастогу боюнча райондук билим берүү бөлүмүнө келип, арызын калтыра алат.

Арыздарды кабыл алуу эртең мененки саат 8:30дан 17:30га чейин жүргүзүлөт.

Эскертүү!!!

15-августтан баштап буга чейин өз баласын мектепке ийгиликтүү каттоодон өткөргөн ата-энелер тиешелүү документтерин катталган мектебине тапшыра баштоосу керек.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар