Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ИНФОРМАТИКА БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА КЫРГЫЗСТАНДЫК 3 ОКУУЧУ КОЛО МЕДАЛГА ЭЭ БОЛУШТУ

Көрүлдү: 2374

7-15-август күндөрү Индонезиянын Жакарта шаарында өткөн информатика боюнча XXXIV Эл аралык олимпиадада (34th IOI 2022 Indonesia) Кыргызстандан үч мектеп окуучусу коло медалга ээ болуп, бирөө ардак грамота менен сыйланды.

post.title

International Olympiad in Informatics - бул информатика боюнча дүйнөдөгү ири олимпиада болуп саналат. Ага ар бир өлкөдөн 4 мыкты мектеп окуучусу катышат. Бул жылы 90 өлкөдөн 349 окуучу катышты.

Улуттук олимпиаданын финалдык турунун жыйынтыгы менен 4 окуучу Кыргызстандын наамын коргоо үчүн Индонезияга барган.

Жыйынтыгында:

        1. Айдар Мундузбаев, Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов лицейинин 10-классынын окуучу - коло медаль;

 

        2. Тенгиз Беккойонов, Жалал-Абад шаарындагы Курманбек баатыр лицейинин 10-классынын окуучу - коло медаль;

 

        3. Данияр Бейшекеев, Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы лицейинин бүтүрүүчүсү - коло медаль;

 

        4. Талант Дыйканбаев, Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов лицейинин бүтүрүүчүсү – ардак грамота.

Команда жетекчиси - Павел Панков. Команда жетекчисинин жардамчысы жана даярдаган мугалими - Кылычбек Урайымов.

 

Жыйынтыктарды төмөнкү шилтемелер аркылуу көрүүгө болот : https://stats.ioinformatics.org/delegations/KGZ/2022

https://stats.ioinformatics.org/results/2022

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар