Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
“АНТИКОНТРАФАКТ” Х ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМУ

Көрүлдү: 447

2022-жылдын 26-сентябрынан 28-сентябрына чейин Бишкек шаарында “Антиконтрафакт” Х эл аралык форуму өтөт.

post.title

Иш-чарада товарларды идентификациялоо жана мониторинг жүргүзүү, бажы, техникалык жөнгө салуу жана сертификациялоо, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү үчүн онлайн-соода жана IT технологияларды колдонуу маселелери талкууланат.

Форум “Жаңы чакырыктар – контрафакт менен күрөшүүнүн жаңы механизмдери!” урааны алдында өнөр жай продукциясын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо маселелерине арналат.

Форумдун уюштуруучулары - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Евразия экономикалык комиссиясы, “Антиконтрафакт” эл аралык ассоциациясы.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар