Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ОШТО 359 МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛУГУНА ТАЛАПКЕРДИН 88и СЫНАКТЫ ИЙГИЛИКТҮҮ ТАПШЫРДЫ

Көрүлдү: 2618

Бүгүн, 13-августта Ош мамлекеттик университетинде Ош облусундагы мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөө өткөрүлдү.

post.title

Документтерин 541 жаран тапшырган. Сынактын биринчи этабында 169 талапкер документтеринин толук эмес пакетин тапшырып, натыйжада экинчи этапка өтпөй калган.

Тестирлөөгө кирүүгө 372 талапкер укук алып, 13 катышуучу келбей калгандыктан, 359 жаран тест тапшырды.

Жыйынтыгында 88 талапкер босого жана андан жогору балл алган, бул катышуучулардын 25% түздү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар