Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БАТКЕНДЕ КОМПЬЮТЕРДИК ТЕСТИРЛӨӨНҮ 60 ТАЛАПКЕР ИЙГИЛИКТҮҮ ТАПШЫРДЫ

Көрүлдү: 1554

Бүгүн, 11-августта Баткенде компьютердик тестирлөө аяктады.

post.title

Тестирлөөгө мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына 147 талапкер катышты.

Ошондой эле тестирлөөгө катталган 2 талапкер сынакка келген жок.

Жыйынтыгында босого баллдан 60 адам өтүп, 87си керектүү упайды топтой албады.

Тестирлөөдө бир талапкер 74% менен эң жогорку көрсөткүчкө ээ болду.

Белгилей кетсек, Баткен облусу боюнча 98 ваканттык орун бар болчу.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар