Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ДИРЕКТОРЛОРДУ ТАНДОО: ЖАЛАЛ-АБАД ТЕСТИРЛӨӨГӨ ДАЯР

Көрүлдү: 893

Эртең, 11-августта Жалал-Абад облусунда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына талапкерлерди компьютердик тестирлөөдөн өткөрүү башталат.

post.title

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде бардык техникалык даярдык иштери аткарылып, ноутбуктар коюлду.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда 158 ваканттык орун бар.

Процесстин ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылуу үчүн көз карандысыз коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө байкоо жүргүзүү жана телеканалдардын катышуусу менен социалдык тармактарда компьютердик тестирлөөнү түз алып көрсөтүү пландаштырылууда.

Конкурска байланыштуу суроолор жаралса, төмөндөгү номерлерге кайрылсаңыздар болот: 0505 110 108, 0556 110 107, 0755 112 237, 0778 112 238

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар