Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
11-АВГУСТТА БАТКЕНДЕ ЖАНА ЖАЛАЛ-АБАДДА МЕКТЕП ДИРЕКТОРУНУН КЫЗМАТЫНА КОМПЬЮТЕРДИК ТЕСТИРЛӨӨ БАШТАЛАТ

Көрүлдү: 824

2022-жылдын 11-августунда Баткен жана Жалал-Абад облустарынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына талапкерлерди компьютердик тестирлөө башталат.

post.title

Баткен облусунда – 98, Жалал-Абад облусунда 158 ваканттык орун бар.

Тестирлөө Билимдин сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борбору тарабынан өткөрүлөт.

Процесстин ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылуу үчүн көз карандысыз коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө байкоо жүргүзүү жана телеканалдардын катышуусу менен социалдык тармактарда компьютердик тестирлөөнү түз алып көрсөтүү пландаштырылууда.

Конкурска байланыштуу суроолор жаралса, төмөндөгү номерлерге кайрылсаңыздар болот: 0505 110 108, 0556 110 107, 0755 112 237, 0778 112 238

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар