Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИШКЕКТЕ ЖАНА ОШТО "ДИНДЕРДИН ӨНҮГҮҮ ТАРЫХЫ" ПРЕДМЕТИНИН МУГАЛИМДЕРИНИН ТРЕНЕРЛЕРИН ДАЯРДОО БАШТАЛДЫ

Көрүлдү: 2269

2022-жылдын 8-августунан Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту Бишкек жана Ош шаарларында “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметинин мугалимдеринин тренерлерин даярдай баштады.

post.title

Институттун директору Алмаз Токтомаметов 1-2 жума аралыгында 73 тренер облустардагы мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 2601 мугалимин окутарын билдирди. Анын айтымында, жеке менчик мектеп мугалимдерин даярдоо боюнча да арыздар түшө баштаган. Мындан улам “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети боюнча мугалимдердин саны көбөйүшү мүмкүн.

Мугалимдерди окутуу оффлайн жана онлайн форматта жүргүзүлөт.

Учурда “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметинин стандарты даярдалды.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар