Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫН ӨНҮКТҮРҮҮГӨ 100 МЛН ДОЛЛАР АЛУУ ЖӨНҮНДӨ СҮЙЛӨШҮҮЛӨРГӨ ЖЕТИШИЛДИ

Көрүлдү: 553

3-августта Чолпон-Ата шаарында Араб координациялык тобунун IV кеңешмесинде Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Ислам өнүктүрүү банкынан каржылык колдоо алуу жөнүндө макулдашты.

post.title

Араб координациялык тобунун мүчөлөрү 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашырууну катышууга, атап айтканда, билим берүүнү өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Алмазбек Бейшеналиев жетишилген макулдашууларга ылайык, Кыргыз Республикасы 15 млн АКШ доллары өлчөмүндө грант жана 85 млн. АКШ долларын насыя катары алууга укуктуу экенин билдирди.

Грант билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана окуу китептери менен камсыз кылууга багытталары пландалууда. Ислам өнүктүрүү банкынан, Абу-Даби өнүктүрүү фондунан жана Араб координациялык тобунун башка мүчөлөрүнөн алынган насыянын жарымы бала бакчаларды курууга, калган жарымы мектептерди курууга жумшалат.

Бала бакчаларды куруунун натыйжасында 45 миң бала мектепке чейинки билим берүү уюму, дагы 45 миң бала жаңы мектеп менен камсыздалары күтүлүүдө. Ал эми 3 миң тарбиячы жана мугалим жумуш орундары менен камсыз болот.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар