Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
АВГУСТ АЙЫНДА БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫН МУГАЛИМДЕРИ МАТЕМАТИКАНЫ ОКУТУУНУН НАТЫЙЖАЛУУ ЫКМАЛАРЫ БОЮНЧА ОКУТУУНУ УЛАНТАТ

Көрүлдү: 2041

2022-жылдын 15-19-августунда USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору математиканы окутууда базалык жана функционалдык математикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган башталгыч класстардын мугалимдери үчүн 2 күндүк тренинг өткөрөт.

post.title

Бул тренингдер Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту бекиткен 72 сааттык башталгыч класстардын мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу программасынын алкагында өткөрүлүп жатат.

Он  модулдан турган окутуу программасы этап-этабы менен ишке ашырылат. Үч  модуль боюнча окутуу өткөн окуу жылында жүргүзүлгөн. Ал эми калган жети модуль боюнча тренингдер кийинки окуу жылында өткөрүлөт.

Долбоор август айынын башында 38 устат жана 384 улуттук тренерлерди башталгыч класстардын мугалимдери үчүн 4 жана 5 базалык математикалык модулдар (“Тексттик маселелерди чыгаруу”, “Чоңдуктарды ченөө”) жана калыптандыруучу баалоо жүргүзүүгө ылайыкталган электрондук “BaalooApp” тиркемесин колдонуу боюнча окутуу жүргүзүүгө даярдайт.

USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору Кыргыз Республикасында башталгыч класстарда окуган 300 000 окуучунун математика жана окуу боюнча жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган. Долбоор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте 1686 мектепте ишке ашырылып жатат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар