Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ДАЛИЛСИЗ МААЛЫМАТТАРГА ИШЕНБЕҢИЗДЕР!

Көрүлдү: 989

“Директорлорду конкурс аркылуу дайындоонун тесттик материалдары сатылып жатат”, “орундар сатылып, чечилип калган” өндүү коомчулукту бүдөмүк ойлорго салуучу, далилсиз пикирлерди таратпоого жана конкурстун ачык-айкын өтүүсүнө залакасын тийгизүүчү тастыкталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырабыз!

post.title

Билим берүү жана илим министрлиги сынак коррупциясыз, ачык-айкын жана таза өтө турганын маалымдайт. Ошондой эле конкурсту өткөрбөө максатында айрым кызыкдар тараптардын орунсуз айыптоолору интернет айдыңында учурда тарап жатканын билдирет. Социалдык тармактарда жарыяланып жаткан сөздөр, айыптоолор куру, далилсиз, негизсиз жана чындыкка дал келбейт!

Буга чейин белгиленгендей, директорлорду конкурс аркылуу дайындоо коррупциядык көрүнүштөр менен болгон күрөштүн негизги үлгүсү болот. Сынактын жүрүшүн каалаган адам онлайн режиминде байкап тура алат. 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар