Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ МААЛЫМДАЙТ

Көрүлдү: 724

Билим берүү жана илим министрлиги 2022-жылдын 31-июлунда “Кактус Медиа” маалымат сайтындагы макаланын мугалимдердин ден соолугун чыңдоочу "Санат" борборуна тиешеси жок экенин маалымдайт.

post.title

Аталган макалада чагылдырылган эс алуу жайы Бостери айылындагы санаторийлердин бири.

Ал эми “Санат” ден соолукту чыңдоо борбору Сары-Ой айылында жайгашкан жана шарттары заманбап эс алуу жайларынын талаптарына толук жооп берет.

Макаладагы эс алуу үйүн Министрликтин базасындагы мугалимдердин ден соолукту чыңдоо борбору менен алмаштырбоого чакырабыз.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар