Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ЧОК-ТАЛ АЙЫЛЫНДАГЫ “АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО” СЕМИНАРЫНЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫ ЫСЫК-КӨЛДҮН ЖЭЭГИН ТАЗАЛАШАТ

Көрүлдү: 539

2022-жылдын 28-июлунан 2-августуна чейин Билим берүү жана илим министрлиги жана КРдинУлуттук илимдер академиясынын Жаш окумуштуулар кеңеши тарабынан “Айлана-чөйрөнү коргоо” темасында семинар өтүүдө.

post.title

Семинар 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашыруу, Кыргызстандын калкынын экологиялык маданиятын жана айлана-чөйрөнү коргоо жана “жакшыртуу” боюнча сабаттуулугун, коомдун туруктуу өнүгүүсүн жана жашоо сапатын жогорулатуу максатында уюштурулган.

Иш-чарага жаш окумуштуулар жана аспиранттар, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын, коомдук фонддордун өкүлдөрү жана Ысык-Көл облусунун тургундары катышат.

Катышуучулар экологиялык көйгөйлөрдү, айлана-чөйрөнү коргоо жаатында коомдун активдүү позициясынын калыптандыруу, экологиялык дүйнө таанымдын калыптанышын, физика, химия, биология жана экологияга болгон кызыгуунун жогорулашын  арттырууну талкуулашат. Ошондой эле семинардын жүрүшүндө Чок-Тал айылындагы көлдүн жээгин тазалоо иш-чара камтылган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар