Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БАШТАЛГЫЧ ЖАНА ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫН ӨНҮКТҮРҮҮ БАГЫТТАРЫ АНЫКТАЛДЫ

Көрүлдү: 765

2022-жылдын 26-июлунан 29-июлуна чейин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр” долбоору Билим берүү жана илим министрлиги менен биргелешкен иш-чаралар планын иштеп чыгуу боюнча семинар өткөрдү

post.title

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу мындан аркы ишмердүүлүктүн негизги багыттарын, анын ичинде дуалдык билим берүүнүн негиздерин ченемдик укуктук актыларда бекитүү, Уставда же Жободо педагогикалык билим берүү борборлорунун статусун белгилөө, окуу-өндүрүштүк комплекстердин иштешин так аныктоо, жан башына каржылоону киргизүү, башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын билим берүү жана бизнес процесстерин санариптештирүү боюнча иштерди аныктады.

Семинардын катышуучуларына негизги каражаттарды көзөмөлдөө, инвентаризациялоо, башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу жана мониторинг жүргүзүү, окутуучулардын, өндүрүштүк окутуу чеберлердин квалификациясын жогорулатуу, оптималдаштыруу жана өнүктүрүү, башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында адистерди даярдоонун траекториясын камсыз кылуу боюнча иштерди жасоо турат.

“Секторду өнүктүрүү: инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр” программасы Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар