Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ЖРТ - 2022 УПАЙЛАРЫН ЭСЕПТӨӨ БОЮНЧА КОНСУЛЬТАЦИЯЛАР

Көрүлдү: 745

ЖРТнын упайларынын туура эсептелгени боюнча консультациялар онлайн жана офлайн түрүндө 6-июлдан баштап 15-июлга (саат 12.00го) чейин өткөрүлөт.

post.title

1. Онлайн консультациялар Бишкек шаарына келе албаган абитуриенттер үчүн өткөрүлөт. Онлайн консультация учурунда абитуриенттин каттоо номеринин жана дептеринин номеринин туура толтурулуп, боёлгондугу текшерилет. Консультация алуу үчүн 6-июлдан 15-июлга чейинки убакытта ББОУБга WhatsApp тиркемеси бар телефон номери аркылуу гана байланышуу керек. ББОУБнун WhatsApp номери - 0550 66 48 38.

2. Офлайн консультация Бишкекке келген абитуриенттер үчүн өткөрүлөт. Консультацияга жазылуу үчүн ББОУБнун кеӊсесине (Тыныстанов көчөсү, 98) паспортунун көчүрмөсүн алып келип, жазылуу керек. Жазылган абитуриенттерге атайын бир убакыт белгиленет. Алар ошол убакытта сертификатынын жана паспортунун түп нускасын алып консультацияга келиши керек.

Бардык консультациялар 15-июль күнү саат 12.00до аяктайт.

Бардык суроолор боюнча (0312, 0500, 0501, 0502, 0222, 0770,) 66-48-38 телефон номерлери аркылуу ББОУБга байланышсаӊар болот.

Телефондук чалуулар дүйшөмбү – жума иш күндөрү 09.00 – 17.00 убакыт аралыгында гана кабыл алынат.

Түшкү тыныгуу 12.00-13.00

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар