Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
РЕСПУБЛИКАЛЫК ТУРИСТТИК, СПОРТТУК ЖАНА ЖЕР ТААНУУ ЖЫЙЫНЫНЫН САЛТАНАТТУУ АЧЫЛЫШЫ БОЛДУ

Көрүлдү: 923

25-июнда Чуңкурчак капчыгайында (Бишкек шаарынан 30 км) Кыргызстандагы тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылына жана Улуу Ата мекендик жеңиштин 77 жылдык мааракесине арналган окуучулардын Республикалык туристтик, спорттук жана жер таануу жыйынынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

post.title

Иш-чара Билим берүү жана илим министрлиги жана Республикалык экология, жерин таануу жана туризм балдар-өспүрүмдөр борборунун демилгеси менен уюштурулду. 

 

Слеттун ачылышына мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Салтанат Өмүрканова жана №43 Б.Шаршенбаев атындагы кесиптик лицейинин директору Бакыт Жусупова катышты.

Жыйынга 2008-2009 жылкы мектеп окуучуларынан түзүлгөн командалар катышууда. Кыргыз Республикасынын бардык облустарынан, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарынан. Республикалык слетко бардыгы болуп 150 адам келди.

«Чуңкурчак-2022» окуучуларынын республикалык туристтик-спорттук жана жерин таануу слетунун негизги максаттары жана милдеттери:

- Туулган жердин тарыхына жана үрп-адаттарына, маданий мурасты окуп-үйрөнүүгө жана аны сактоого окуучулардын көӊүлүн буруу, аларды тартуу;

- Окуучуларга Кыргызстандын тарыхый жана маданий мурастарына аяр мамиле жасоого тартуу, адептүүлүккө үйрөтүү;

- Үрп-адаттарды кайра жандандыруу жана аскердик-атуулдук тарбиянын принциптерин жайылтуу;

- Спорттук, саламаттыкты чыңдоочу жана үйрөтүүчүлүк экологиялык туризмди өнүктүрүү жана жайылтуу;

- Республиканын мектептеринде туристтик-жерин таануучулук иштерди активдештирүү;

- Ден соолукту чыңдоо жана артыкчылыктарга жетишүү;

- Жашоонун сергек мүнөзүн үгүттөө;

- Спорттук чеберчиликти жогорлатуу жана спорт разряддарын аткаруу.

Слеттун программасына ар кандай мастер-класстар, сынактар ​кирет, мисалы: туристтик, автордук жана аскердик-патриоттук ырлардын сынагы, чатыр лагеринин мыкты жашоосу үчүн мелдештер, жерин таануу боюнча конференция жана «Кыргызстандын чыгаан инсандары, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкондор’’, темасына викториналар, -спорттук ориентирлөө,туристтик чеберчилик жана аска-зоолордогу таймаштар – аска маршрутун басып өтүү, бир күндүк жөө жүрүш, рюкзак жыйыштыруу боюнча мастер-класстар, чатырларды орнотуу, туристтик түйүндөрдү токуу, топографиялык карта менен иштөө, азимутту аныктоо жана башка көптөгөн нерселер. Слеттун катышуучуларынын коопсуздугун Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) кызматкерлери камсыз кылууда. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо, слеттун жабылыш аземи жана командаларды узатуу 30-июнда болот.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар