Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ОШ ОБЛУСУНДА “АЛТЫН ТҮЙҮН” УЛУТТУК БАЛДАР ИНЖЕНЕРДИК-ТЕХНИКАЛЫК АКАДЕМИЯСЫНЫН ФИЛИАЛЫ АЧЫЛДЫ

Көрүлдү: 616

2022-жылдын 23-июнунда Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айылында Сыдык Айылчы уулу атындагы №87 инновациялык мектеп-комплексинде “Алтын түйүн” улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын филиалы ачылды.

post.title

Балдар жана өспүрүмдөр үчүн робототехника, техникалык моделдөөнүн негиздери, информатика жана программалоо, 3D моделдөө, компьютердик дизайн сыяктуу чыгармачылык ийримдер эми аймакта жеткиликтүү болот.

Өлкөнүн бардык региондорунда “Алтын түйүн” улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын филиалдарын ачуу жана жабдуу Билим берүү жана илим министрлиги үчүн маалыматтык технологияларды колдонуу менен балдардын билим берүүсүн күчөтүү жана илимий-техникалык чыгармачылыгын өнүктүрүү артыкчылыктуу милдеттердин бири болуп саналат.

Билим берүү жана илим министрлиги Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган “Секторду өнүктүрүү программасы: Билим берүү системасын бекемдөө” долбоорунун колдоосу менен филиалдарды окуу эмеректери, станоктор, техникалык моделдөө үчүн инструменттердин топтому, компьютерлер, 3D принтерлер, экрандары бар видеопроекторлор, LEGO конструкторлору менен камсыз кылды.

11-июлга чейин “Алтын түйүн” улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын филиалдары бардык облустарда ачылат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар