Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БАТКЕНДЕ “АЛТЫН ТҮЙҮН” УЛУТТУК БАЛДАР ИНЖЕНЕРДИК-ТЕХНИКАЛЫК АКАДЕМИЯСЫНЫН ФИЛИАЛЫ АЧЫЛДЫ

Көрүлдү: 838

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Алтын түйүн” Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын аймактык филиалдарын ачуу боюнча тапшырмасына ылайык, 21-июнда Баткен облусунун Бужум айылында филиалдын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

post.title

“Алтын түйүн” Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын филиалы окуучулар арасында техникалык билимди жана чыгармачылыкты жайылтуу, билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүү максатында ачылды.

Салтанатка “Алтын түйүн” Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын директору Жаркын Бапанова, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, Баткен РИИБнин башчысы милициянын полковниги Алмазбек Шагамурзаев, Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Мисиралиев жана жергиликтүү тургундар катышты.         

Учкунбек Жоробаев жергиликтүү тургундардын атынан Кыргыз Республикасынын Президентине, Билим берүү жана илим министрлигине, Азия өнүктүрүү банкына жана «Алтын түйүн» улуттук балдар инженердик-техникалык академиясына ыраазычылык билдирип, филиалдын өнүгүшүнө колдоо көрсөтүүнү убадалады.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар