Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН ПЕДАГОГИКАЛЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ ЖЫЛ САЙЫН БЕРИЛҮҮЧҮ УЗАРТЫЛГАН ӨРГҮҮНҮН УЗАКТЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Көрүлдү: 1276

15-июнда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров “Билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерине жыл сайын берилүүчү негизги узартылган өргүүнүн узактыгы жөнүндө” №320 токтомго кол койду.

post.title

Билим берүүнүн бардык деңгээлдериндеги билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин социалдык жактан корголушун жогорулатуу үчүн Министрлер Кабинети менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерине жыл сайын берилүүчү негизги узартылган өргүүнүн узактыгын белгиледи.

Ага ылайык өргүүнүн узактыгы мугалимдер жана окутуучулар үчүн 56 күн.

"Өргүүнүн күндөрү кыскарды", - деген маалыматтар чындыкка дал келбейт!

Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар