Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КРДИН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ МААЛЫМДАЙТ!

Көрүлдү: 1165

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 7-июнундагы “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметин киргизүү жөнүндө” Жарлыгын аткаруу үчүн райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү, жалпы билим берүү уюмдары 2022-2023-окуу жылында 9-класстын окуучулары үчүн “Диндердин өнүгүү тарыхы” сабагын берүүгө мугалимдерди тандап алуу иштерин жүргүзөт.

post.title

 Тандоодо райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү арыз берген адамдардын документтерин кылдаттык менен карап чыгат. Арыз берген талапкерлерден төмөнкүлөр талап кылынат:

 - квалификациялык талаптарга жооп берген “Теология” багыты боюнча жогорку кесиптик билим деңгээлинин же “Тарых мугалими” квалификациясы бар жогорку педагогикалык билиминин болушу. Бул учурда дипломдун оригиналын берүү менен бакалавр, адис, магистр даражаларынан төмөн эмес деңгээлдер караларын эске алуу керек;

- эмгек китепчеси;

- мектептин директорунун атына мугалимдин арызынын болушу;

- иштеген жеринен сунуштама кат;

- 3x4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар