Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ТЫНЧТЫК КОРПУСУНУН ЫКТЫЯРЧЫЛАРЫ 2020-ЖЫЛДАН БЕРИ БИРИНЧИ ЖОЛУ КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛДИ

Көрүлдү: 639

Бүгүн, 13-июнда Кыргызстанга Тынчтык Корпусунун 12 ыктыярчысы келди. Ыктыярчылар алдыдагы эки жылда Чүй, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарындагы орто мектептериндеги жергиликтүү англис тили мугалимдеринин потенциалын жогорулатуу жана окуучуларга англис тилин үйрөтүү менен алектенишет.

post.title

Ошондой эле ыктыярчылар мугалимдердин жана окуучулардын кесиптик билимдерине маалыматтык технологияларды интеграциялоого, окутуунун натыйжалуу ыкмалары жөнүндө маалымат алмашууга; ресурстук окутуу борборлорун түзүүдө же кеңейтүүдө мектептерге жана жергиликтүү жамааттарга жардам көрсөтөт. Буга кошумча окуу программаларын жана инновациялык окуу-методикалык материалдарын иштеп чыгууга көмөктөшөт.

Алгачкы үч айда ыктыярчылар окутуудан өтүшөт. Ыктыярчыларды даярдоо өзүнө кыргыз тилин үйрөнүүнү, англис тилин чет тили катары окутуу методикасы боюнча көндүмдөрдү өркүндөтүүнү жана жергиликтүү мугалимдер менен биргелешип окутуу көндүмдөрүн өздөштүрүүнү, маданияттар аралык компетенттүүлүктү жогорулатууну камтыйт.

Тынчтык Корпусунун 12 ыктыярчысы АКШда тандоодон өткөн жогорку квалификациялуу ыктыярчылар. Ошондой эле, Американын ар кайсы штаттарынан чогулган 24 жаштан 72 жашка чейинки Американын ар тараптуу экендигин тастыктаган ыктыярчылар.

Тынчтык Корпусунун ыктыярчылары Кыргыз Республикасында 1992-жылы кол коюлган макулдашуунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чакыруусу боюнча иштешет.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар