Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРГӨ МЫКТЫ АЯНТЧА

Көрүлдү: 547

“Туура кесип - келечек кепилдиги” форумунун кербени уланууда! Кесип тандоо алдында турган бүтүрүүчүлөр үчүн мыкты аянтча болуп берген саамалык ушуну менен 5-ирет өлкө аймактарын кыдырып өткөрүлүүдө.

post.title

Бул жолкусунда 9-11-класстын окуучулары, тагыраагы, бүтүрүүчү класстар үчүн арналган форум Каракол шаарынын жаштарына уюштурулду.

Иш-чарага келген келечектеги кечип ээлери жарманкеге катышкан кесиптик лицей жана жогорку мектептердин ишмердүүлүгү, алардын бүгүнкү күндөгү актуалдуулугу жана келечектүүлүгү тууралуу кеңири маалымат алышты.

Балдарынын келечегине кайдыгер карабаган ата-энелер да мындай кербендердин өткөрүлүүсү кесип тандоодо кыйынчылыкка кептелген бүтүрүүчүлөр үчүн эң мыкты чечим болорун канааттануу менен белгилешти. Алар бул сыяктуу саамалыктарды жыл сайын өткөрүп туруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Катышуучулар алгачкылардан болуп өткөрүлүп жаткан мындай иш-чаралардын уюштуруучуларына ыраазычылыктарын билдирди.

Белгилей кетсек, “Туура кесип - келечек кепилдиги” аттуу форум Билим берүү жана илим министрлиги, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Салымбеков университети тарабынан уюштурулууда.

Жакын арада форум кербени Талас жана Нарын облустарына барат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар