Көрүлдү: 0
Бүгүн, 25-сентябрда Бишкек шаарындагы №59 бала бакчанын базасында "Жылдын мыкты тарбиячысы – 2026" республикалык кароо-сынагынын финалдык этабы уланууда.
"Мыкты тарбиячы" категориясында өлкөнүн жети облусунан жана эки шаарынан келген тогуз тарбиячы күч сынашууда. Ал эми бала бакчаларда эмгектенген беш педагог "Мыкты мамлекеттик тил мугалими" категориясы боюнча катышууда.
Педагогдор мастер-класс өткөрүп, кесиптик чеберчилигин жана чыгармачылык дараметин көрсөтүүдө. Алар балдардын жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык окутуу жана тарбиялоо жолдорун, кызыгуусун арттырууга багытталган практикалык усулдарын сунуштап жатышат.
Мастер-класстын жүрүшүндө педагогдордун чыгармачылык мамилеси, балдар менен натыйжалуу иштөө жөндөмү жана ишти уюштуруу чеберчилиги бааланууда.
Белгилей кетсек, сынактын экинчи күнүндө беш усулчу жана жети музыка жетекчиси мастер-класс аркылуу кесиптик тажрыйбасын көрсөтүшкөн.
Республикалык сынактын финалдык этабына өлкөнүн аймактарынан тандалып алынган жалпы 27 педагог катышууда.