Көрүлдү: 44
Жакын арада PISA 2025 эл аралык изилдөөсүнүн жыйынтыктары жарыяланат. Кыргызстан узак тыныгуудан кийин PISA изилдөөсүнө кайрадан катышты. Буга чейин өлкөбүз 2006 жана 2009-жылдары катышкан.
2025-жылы изилдөөгө Кыргызстандын 195 жалпы билим берүү уюмунан 600ден ашуун окуучу катышты. Тандоого өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы жана ар кандай типтеги билим берүү уюмдарынын, анын ичинде шаардык, айылдык жана алыскы аймактардагы мектептердин окуучулары кирди.
Кыргызстан PISA изилдөөсүнө биринчи жолу компьютердик форматта катышты. Тестирлөө кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде жүргүзүлдү. Материалдарды которуу жана адаптациялоо эл аралык талаптарга ылайык ишке ашырылды.
PISA деген эмне?
PISA — Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ) 15 жаштагы окуучулардын алган билимин жана көндүмдөрүн турмуштук кырдаалдарда канчалык деңгээлде колдоно аларын баалоочу эл аралык программасы. Изилдөө мектеп программасын кайталап айтып берүүнү эмес, функционалдык сабаттуулукту — ой жүгүртүү, маалыматты талдоо жана практикалык маселелерди чечүү жөндөмүн баалайт.
Көпчүлүк өлкөлөрдө окуучулар 15 жашында милдеттүү жалпы билим берүүнү аяктоо баскычына жакындашат. Ошондуктан бул курактагы окуучуларды изилдөө окутуунун жалпы жыйынтыгын баалоого жана мектеп системасынын түзүмү, окуу мөөнөтү ар башка болгон өлкөлөрдүн билим берүү системаларын салыштырууга мүмкүндүк берет.
PISA эмнени баалайт?
Изилдөөнүн негизги багыттары — табигый-илимий, математикалык жана окуу сабаттуулугу. PISA 2025те табигый-илимий сабаттуулук негизги багыт болду. Мындан тышкары, санариптик дүйнөдө билим алууга байланышкан компетенциялар бааланды.
Окуучуларды жана мектеп жетекчилерин анкеталоо окутуунун жыйынтыктарына таасир этиши мүмкүн болгон билим берүү чөйрөсүндөгү факторлорду да изилдөөгө мүмкүндүк берет.
Кыргызстанда тандоо кандай жүргүзүлдү?
Тандоо бирдиктүү эл аралык эрежелердин негизинде жүргүзүлүп, ага өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы жана ар кандай типтеги билим берүү уюмдарында окуган 15 жаштагы окуучулар камтылды. Алгач билим берүү уюмдары, андан соң тиешелүү курактагы окуучулар тандалды.
Мектептер жана окуучулар жетишкендик деңгээлине карап тандалган жок. Изилдөөгө шаардык жана айылдык, анын ичинде алыскы аймактардагы мектептер да катышты. Бардык катышуучуларга PISAнын бирдей талаптары колдонулду.
PISA 2025 циклине 91 өлкө катышты. Эл аралык тестирлөөгө 762 миңге жакын окуучу камтылды.
Кыргызстан эмне үчүн PISAга катышат?
PISAга катышуу кыргызстандык окуучулардын заманбап дүйнөдө алган билимин жана көндүмдөрүн канчалык деңгээлде колдоно аларын көз карандысыз баалоого мүмкүнчүлүк берет.
PISA 2025ке катышуу чечимин кабыл алууда Кыргызстан алдына реалдуу максаттарды койгон. Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча системалуу чаралар 2022-жылдан тартып активдүү ишке ашырыла баштады: тармакты каржылоо көбөйтүлүп, мугалимдерди ноутбуктар менен камсыздоо башталды, педагогдордун эмгек акысы жогорулатылды, квалификацияны онлайн жана офлайн форматта жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди, инфраструктура жана окуу материалдары менен камсыздоо ырааттуу жакшыртылууда.
Ошондуктан PISA 2025тин жыйынтыктары, биринчи кезекте, билим берүү системасынын учурдагы абалын баалоо жана мындан аркы иштин багыттарын аныктоо үчүн баштапкы чекит катары каралат.
Кыргызстан үчүн PISA 2025 өзгөчө мааниге ээ. 2006 жана 2009-жылдардагы катышуудан кийин бул изилдөө узак мезгил ичиндеги өзгөрүүлөрдү көрүүгө, билим берүү системасынын күчтүү жактарын жана мындан ары системалуу иштөөнү талап кылган багыттарды аныктоого мүмкүндүк берет.
PISAнын жыйынтыктары — бул, биринчи кезекте, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн инструмент. Аларды талдоо билим берүү саясатынын жана кабыл алынуучу чечимдердин мындан аркы артыкчылыктуу багыттарын аныктоого жардам берет.
Кыргыз Республикасында изилдөө Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин координациясы алдында жүргүзүлдү. Улуттук оператор катары Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти изилдөөнү даярдоону жана өткөрүүнү, сапатты көзөмөлдөөнү жана эл аралык өнөктөштөр менен өз ара кызматташууну камсыз кылды.