Маалыматтык саясат сектору (МСС)
Маалыматтык саясат сектору (МСС)
“БИРГЕЛЕШКЕН ИЙГИЛИККЕ 10 КАДАМ” АТА-ЭНЕЛЕР ДЕКАДАСЫ БАШТАЛДЫ

Көрүлдү: 1550

Бүгүн, 2-сентябрда, Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында “Биргелешкен ийгиликке 10 кадам” аталышындагы ата-энелер декадасы башталды.

post.title

Декада 2-сентябрдан 14-сентябрга чейин өлкөдөгү мектепке чейинки, жалпы, башталгыч кесиптик жана кошумча билим берүү уюмдарында өткөрүлөт.

Иш-чаранын негизги максаты — балдарды жаңы окуу жылына даярдоодо, улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды калыптандырууда, сергек жашоо образын жайылтууда жана коопсуз билим берүү чөйрөсүн камсыз кылууда,  үй-бүлө менен билим берүү уюмдарынын өнөктөштүгүн чыңдоо.

Ошондой эле декаданын алкагында зомбулуктун, буллингдин жана кибербуллингдин, баңгизаттарды колдонуунун, эрте никенин, коррупциянын, радикализмдин жана балдардын өмүрүнө, ден соолугуна жана бакубаттуулугуна коркунуч келтирген башка терс көрүнүштөрдүн алдын алууга өзгөчө көңүл бурулат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар