Көрүлдү: 17
Бүгүн, 18-августта, Талас шаарында Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын катышуусунда жаңы окуу жылына даярдык көрүү маселелери боюнча жыйын өттү.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев, райондордун акимдеринин орун басарлары, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.
Жыйында жаңы окуу жылына билим берүү уюмдарынын даярдыгы, ошондой эле Талас облусунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата өтө турган ири иш-чараларга байланыштуу уюштуруу маселелери талкууланды.
Министр мектептерге психолог штаттарын киргизүү, педагогдордун квалификациясын жогорулатуу, окуучуларды жаңы муундагы окуу китептери менен камсыз кылуу, кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү жана билим берүү уюмдарынын жаңы окуу жылына сапаттуу даярдыгын камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Ошондой эле райондордун акимдеринин орун басарларынын жана райондук-шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларынын жаңы окуу жылына даярдык боюнча маалыматтарын укту.
Догдуркүл Кендирбаева билим берүү тармагындагы реформалардын экинчи этабы башталганын белгиледи.
“Биз реформанын экинчи этабына өттүк. Бул окуу жылында төрт класстын окуучулары жаңы окуу программалары менен билим ала башташат. Ошону менен катар кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Анткени бул — өлкө экономикасы үчүн эң керектүү жана маанилүү тармактардын бири. Кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрү эртең өз үй-бүлөсүнүн бакубаттуулугуна салым кошуп, ата мекендик экономиканы өнүктүргөн адистер болушат”, — деди министр.
Министр кесиптик лицейлерди эмгек рыногунун талаптарына ылайык өнүктүрүүдө жергиликтүү бийлик органдарынын жана иш берүүчүлөрдүн активдүү катышуусу маанилүү экенин белгиледи. Анын айтымында, өлкөгө келген туристтердин санынын өсүшү жана экономиканын башка тармактарындагы муктаждыктар кесиптик кадрларды даярдоого жаңы талаптарды коюуда.