Көрүлдү: 113
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан 2025–2029-жылдары Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ), Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүк (ГПЦО) жана Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) менен биргеликте ишке ашырылып жаткан SMART-ED ISDB/ISFD/GPE долбоорунун алкагында 3.0 «Инклюзивдик билим берүүнү киргизүү боюнча системанын потенциалын чыңдоо» компонентинин 3.1 «Инклюзивдик билим берүү жаатындагы улуттук саясаттарды талдоо» жана 3.2 «Инклюзивдик үлгүдөгү мектептер» багыттары боюнча иш-чаралар улантылууда.
2026-жылдын 27–29-июль күндөрү Бишкек шаарында жумушчу топтордун эксперттери үчүн кезектеги тренинг өткөрүлүүдө. Анын максаты – инклюзивдик билим берүү жаатындагы колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга жүргүзүлгөн функционалдык талдоонун жыйынтык документтерин акыркы редакцияга келтирүү, Психологиялык-медициналык-педагогикалык консультация (ПМПК) жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, жергиликтүү деңгээлде инклюзивдик билим берүү боюнча көп тармактуу топторду түзүүнүн эл аралык жана улуттук тажрыйбасы тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу, ошондой эле мектеп кызматкерлери үчүн инклюзивдик билим берүү боюнча аралаш форматтагы окутуу модулунун долбоорун өркүндөтүү болуп саналат.
Тренингдин жүрүшүндө өзгөчө билим берүү муктаждыктары жана психофизикалык өнүгүү өзгөчөлүктөрү бар балдардын инклюзивдик мектепке чейинки жана жалпы билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларга жүргүзүлгөн функционалдык талдоонун жыйынтыктары сунушталат. Анын негизинде эксперттер колдонуудагы ченемдик документтерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, ошондой эле аныкталган боштуктарды эске алуу менен жаңы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу боюнча сунуштарды камтыган жыйынтыктоочу отчетту даярдашат.
Ошондой эле эксперттер өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдардын классификаторун иштеп чыгуу жана бекитүү боюнча сунуштарды беришет. Бул классификатор билим берүү чөйрөсүн ылайыкташтыруу, адаптацияланган билим берүү программаларын жана окуу-методикалык камсыздоону иштеп чыгуу сыяктуу акылга сыярлык ылайыкташтыруулардын тизмесин түзүүгө негиз болот.
Мындан тышкары, Психологиялык-медициналык-педагогикалык консультациянын (ПМПК) ишмердүүлүгү жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү, инклюзивдик мамилени эске алуу менен балдарды билим берүү уюмдарына кабыл алуу боюнча нускамалардын жаңыланган топтомун иштеп чыгуу, инклюзивдик моделдеги мектептерди пилоттук негизде киргизүү боюнча Улуттук жол картасынын этаптарын аныктоо, өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар окуучуларды психологиялык-педагогикалык коштоо кызматтары үчүн коштоочу документтердин топтомун жана педагогдор менен мектеп администрациясы үчүн инклюзивдик билим берүү боюнча аралаш форматтагы окутуу модулун сунушташат.