Көрүлдү: 115
Бүгүн, 28-июлда, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде министрдин орун басары Надира Джусупбекованын катышуусунда мугалимдерди жаңы окуу жылына сапаттуу даярдоону камсыз кылуу максатында республика боюнча өткөрүлө турган квалификацияны жогорулатуу окутуулары үчүн иштелип чыккан окутуу модулдары талкууланды.
Атап айтканда, башталгыч класстардын 1–3-класстарынын, ошондой эле математика жана табигый илимдер предметтери боюнча 5-, 7- жана 8-класстардын мугалимдерине арналган окутуу модулдары каралды.
Окутуулар жаңыланган мамлекеттик билим берүү стандарттарына, окуу программаларына жана жаңы окуу-методикалык комплекстерге ылайык өткөрүлөт.
Окутууларды өткөрүү үчүн биринчи этапта 455 усулчу (методист) тандалып алынды. Алар буга чейин окутууларды жүргүзүп келген тажрыйбалуу, окуу-методикалык мазмунду терең өздөштүргөн тренерлердин арасынан конкурстук негизде тандалды.
Тандалып алынган усулчулар 2026-жылдын 4–13-августу аралыгында жаңы мамлекеттик билим берүү стандарттары, окуу программалары, окуу-методикалык комплекстер жана заманбап педагогикалык технологиялар боюнча атайын даярдыктан өтүшөт. Андан соң алар республика боюнча өз аймактарында мугалимдер үчүн квалификацияны жогорулатуу курстарын өткөрүшөт. Усулчуларга окуу жылынын ичинде усулдук жана методикалык колдоо үзгүлтүксүз көрсөтүлүп турат.
Усулчуларды (методисттерди) окутуу графиги:
- 2026-жылдын 4–7-августунда Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун базасында Ош шаарынын, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын усулчулары үчүн окуулар өткөрүлөт.
- 2026-жылдын 10–13-августунда Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун базасында Бишкек шаарынын, Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарынын усулчклары үчүн окуулар уюштурулат.
Усулчуларды окутууга Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун, Кыргыз билим берүү академиясынын жана «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү тартылат.