Көрүлдү: 142
Бүгүн, 28-июлда, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде мектепке чейинки билим берүү менен балдарды камтууну кеңейтүү маселелерине арналган онлайн-жумушчу жыйын өткөрүлдү.
Жыйынга министрликтин, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү катышты.
Анын алкагында 2024–2026-жылдарга каралган мектепке чейинки билим берүү уюмдарын өзгөртүп түзүү долбоорунун III этабынын ишке ашырылышы, мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук апробациялоонун жүрүшү, ошондой эле балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу боюнча коюлган милдеттердин аткарылышы талкууланды.
Жыйындын жүрүшүндө аймактарда жүргүзүлүп жаткан иштерге талдоо жасалып, орун алып жаткан көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору каралды. Ошондой эле мектепке чейинки билим берүү менен камтууну кеңейтүү боюнча ар бир аймактагы көрсөткүчтөр талданды.
Жыйындын жыйынтыгында балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну кеңейтүүгө багытталган артыкчылыктуу милдеттер аныкталып, тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бул багыттагы иштерди күчөтүү, ошондой эле алардын аткарылышын өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырылды.