Көрүлдү: 641
3-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу-методикалык комплексинин экинчи бөлүгү жалпы 178 512 нускада: кыргыз тилдүү мектептер үчүн - 103 754; ал эми орус тилдүү мектептер үчүн - 74 758 нускада «Учкун» басмаканасында басылып чыкты.
Белгилей кетсек, буга чейин ушул эле окуу китебинин биринчи бөлүгү да 178 512 нускада басылып, өлкөнүн жалпы билим берүү уюмдарына жеткирилген.
Натыйжада, 3-класстар үчүн «Табигый илимдер. Мен жана дүйнө» окуу-методикалык комплекси биринчи жана экинчи бөлүгү болуп, жалпы 357 024 нускада даярдалды.
Алдыда аталган ОМКларды өлкөнүн жалпы билим берүү уюмдарына жеткирүү иштери башталат.