Маалыматтык саясат сектору (МСС)
Маалыматтык саясат сектору (МСС)
АТА-ЭНЕЛЕРДИН КӨҢҮЛҮНӨ! МЕКТЕПКЕ ЭЛЕКТРОНДУК КАТТООНУН ЭКИНЧИ ЭТАБЫ УЛАНУУДА

Көрүлдү: 674

КР Агартуу министрлиги балдарды мектепке электрондук каттоонун экинчи этабы уланып жаткандыгын маалымдайт.

post.title

Бул этапта ата-энелер жашаган жерине карабастан, бош орундар бар мектепти тандап, баласын каттай алышат.

Ушул тапта электрондук каттоонун экинчи этабында 121 миңден ашуун бала катталды. Жалпысынан быйыл 193 318 квота ачылган.

Өтүнмөлөрдү онлайн түрдө тапшырууга болот:

* 1mektep.edu.gov.kg сайты же

* «Түндүк», MegaPay жана башка банк тиркемелери аркылуу

Белгилей кетсек, быйыл 1-класска 2019-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин жана 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин төрөлгөн балдар кабыл алынууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар