Көрүлдү: 1171
Бүгүн, 13-июлда, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин аппараттык кеңешмесинде Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Орозбек Бердибаев баяндама жасады.
Баяндамада Агартуу министрлигинде мамлекеттик антикоррупциялык саясатты ишке ашыруу жана коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.
Өзгөчө көңүл Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025–2030-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамынын, ошондой эле 2026–2027-жылдарга маалыматтык антикоррупциялык саясат программасынын талаптарын аткаруу маселелерине бурулду.
Министрликте коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу, антикоррупциялык мыйзамдардын талаптарын сактоо жана ички көзөмөл механизмдерин өркүндөтүү боюнча системалуу иштер жүргүзүлүп жатканы белгиленди.
Кеңешменин жүрүшүндө билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча чогултууларды алдын алуу, билим берүү уюмдарынын мүлкүн жана жер тилкелерин пайдаланууда мыйзам талаптарын сактоо, ошондой эле билим берүү тутумунда ачык-айкындуулукту камсыз кылуу маселелери талкууланды.