Көрүлдү: 104
2026-жылдын 7-июлунда Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алкагында өтүп жаткан жаш окумуштуулардын эл аралык илимий-билим берүү лагеринин (SCO Young Scientists Camp 2026) профессорлору менен жолугушту.
Жолугушууга агартуу министринин орун басары Мухтарбек Баймурзаев жана лагердин катышуучуларынын илимий долбоорлорун жетектеген 11 чет өлкөлүк жана жергиликтүү профессор катышты.
Жолугушууда лагерди уюштуруу жана өткөрүү маселелери, ошондой эле аны мындан ары өнүктүрүү суроолору талкууланды. Катышуучулар иш-чаранын форматын өркүндөтүү боюнча өз пикирлери жана сунуштары менен бөлүштү.
Профессорлор лагерге ШКУга мүчө мамлекеттерден тышкары башка өлкөлөрдү да тартуунун, алдыңкы окумуштуулар менен эксперттерди чакыруунун маанилүүлүгүн белгилешти. Ошондой эле алар программага жаңы илимий багыттарды, анын ичинде экологиялык өнүгүү жана сейсмологиялык процесстерди изилдөө темаларын киргизүүнү сунушташты.
Жолугушуунун катышуучулары заманбап жабдууларды жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн түзүлгөн шарттарды белгилеп, лагердин уюштуруу деңгээлин жогору баалашты.
Эске салсак, 6-июлда Чолпон-Ата шаарындагы Президенттик «Акылман» лицейинде Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин жаш окумуштуулары үчүн эл аралык илимий-билим берүү лагери өз ишин баштады.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан уюштурулган лагердин алкагында катышуучулар экологиялык химия, биомедицина, кайра жаралуучу энергетика, суу робототехникасы жана астроинформатика багыттары боюнча изилдөө иштерин жүргүзүшүүдө.