Маалыматтык саясат сектору (МСС)
Маалыматтык саясат сектору (МСС)
АГАРТУУ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ ГЕРМАНИЯНЫН МЕКЛЕНБУРГ – АЛДЫҢКЫ ПОМЕРАНИЯ ФЕДЕРАЛДЫК АЙМАГЫНЫН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Көрүлдү: 124

2026-жылдын 3-июлунда Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов Германия Федеративдүү Республикасынын Мекленбург – Алдыңкы Померания федералдык аймагынын Экономика, инфраструктура, туризм жана эмгек министрлигинин мамлекеттик катчысы Йохен Шульте баштаган делегация менен жолугушту.

post.title

Жолугушууда тараптар 2025-жылы кол коюлган Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун ишке ашырылышын, ошондой эле кесиптик билим берүү, кадрларды даярдоо жана адистердин квалификациясын жогорулатуу багытындагы кызматташтыкты талкуулашты.

Өзгөчө көңүл дуалдык жана практикага багытталган окутууну өнүктүрүүгө, билим берүү уюмдары менен ишканалардын кызматташтыгына, ошондой эле тажрыйба алмашууну жана стажировкаларды уюштурууга бурулду.

Альберт Махметкулов кесиптик билим берүү системасын модернизациялоо Агартуу министрлигинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи. Бул багытта билим берүү программалары өркүндөтүлүп, студенттердин практикалык даярдыгы күчөтүлүп, иш берүүчүлөр менен өз ара кызматташтык кеңейтилүүдө.

Германиялык делегациянын өкүлдөрү кадрларды даярдоо, дуалдык окутууну өнүктүрүү жана педагогдордун квалификациясын жогорулатуу боюнча өздөрүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүштү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-герман кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө, биргелешкен билим берүү долбоорлорун ишке ашырууга жана эки өлкөнүн кесиптик билим берүү уюмдарынын ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө макулдашышты.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар