Маалыматтык саясат сектору (МСС)
Маалыматтык саясат сектору (МСС)
КЫРГЫЗСТАНДА КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРГЕ КАБЫЛ АЛУУ БАШТАЛАТ

Көрүлдү: 122

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги 2026–2027-окуу жылына мамлекеттик кесиптик лицейлерге кабыл алуу 13-июлда башталарын жарыялайт.

post.title

Документтерди кабыл алуу 13-июлдан 14-сентябрга чейин https://2020.edu.gov.kg/ электрондук платформасы аркылуу жүргүзүлөт.

Кесиптик лицейлер 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрүн эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон кесипке ээ болууга, практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүүгө жана ийгиликтүү эмгек жолун баштоого чакырат. Окутуу мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана эмгек рыногунун талаптарына ылайык жүргүзүлөт.

Абитуриенттер курулуш, энергетика, маалыматтык технологиялар, айыл чарба, транспорт, коомдук тамактануу, туризм, тейлөө, жеңил өнөр жай, машина куруу жана башка тармактар боюнча кесиптерди жана адистиктерди тандай алышат.

Кабыл алуу эрежелери, кесиптердин жана адистиктердин тизмеси, бюджеттик орундардын саны жана кесиптик лицейлердин даректери тууралуу кеңири маалыматты https://2020.edu.gov.kg/ платформасынан, кесиптик лицейлерден жана Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнөн алууга болот. Кабыл алуу боюнча суроолоруңуз болсо, 110 номери аркылуу байланыш борборуна чалсаңыз болот.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар