Маалыматтык саясат сектору (МСС)
Маалыматтык саясат сектору (МСС)
АЗЕРБАЙЖАНДЫН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНДА БИЛИМ АЛУУ ҮЧҮН 5 ГРАНТТЫК ОРУН БӨЛҮНДҮ

Көрүлдү: 70

Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн 2026–2027-окуу жылына карата Азербайжан Республикасынын жогорку окуу жайларында бакалавриат программалары боюнча билим алууга 5 гранттык орун бөлүндү.

post.title

Бул мүмкүнчүлүк 2024-жылдын 24-апрелинде түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы билим берүү жана илим жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуунун алкагында ишке ашырылууда.

Азербайжан Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуу расмий https://portal.edu.az платформасы аркылуу жүргүзүлөт. Талапкерлер белгиленген тартипте каттоодон өтүп, керектүү документтерди электрондук түрдө тапшыруусу зарыл.

 Толук маалымат - Pdf файл

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар