Маалыматтык саясат сектору (МСС)
Маалыматтык саясат сектору (МСС)
ТҮНДҮК РЕГИОН БОЮНЧА 100 ТРЕНЕР ОКУТУЛУУДА

Көрүлдү: 158

2026-жылдын 17-июнунда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин демилгеси менен Ысык-Көл, Чүй, Талас, Нарын облустарынан жана Бишкек шаарынан мектепке чейинки билим берүү тармагындагы 100 тренер үчүн окутуу башталды.

post.title

Учурда «Стандарттан натыйжага карай: педагогдун эффективдүү ишмердүүлүгү» аталышындагы үч күндүк окуу-тренинг өтүүдө.

Аталган окутуу мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана педагогдордун кесиптик потенциалын чыңдоого багытталган.

Окутуудан өткөн тренерлер кийинки этапта өлкөнүн бардык аймактарындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогдорунун квалификациясын жогорулатуу боюнча окууларды өткөрүшөт.

Окуу-тренингдер Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан Ага Хан Фондунун колдоосу менен уюштурулууда.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар