Көрүлдү: 95
Кыргызстандын жаш математиктери профессор Шалтай Смагулов атындагы 6–7-класстардын окуучулары арасында өткөрүлгөн математика боюнча республикалык олимпиадада үч коло медаль жеңип алышты.
Интеллектуалдык таймаштын жыйынтыктоочу этабы 2026-жылдын 13–14-июнунда Алматы шаарында өттү.
Аталган олимпиадага Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын окуучулары катышты. Тандоо этабына 3000ден ашуун окуучу катышып, алардын ичинен 6–7-класстардын 106 окуучусу финалдык баскычка жолдомо алган.
Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курама командасынын ийгилиги:
• Зарылбеков Нурислам — Бишкек шаарындагы №70 мектептин 7-классынын окуучусу, коло медаль;
• Матиев Байаман — Ош шаарындагы Купуев академиясынын 7-классынын окуучусу, коло медаль;
• Сайпидинов Умар — «Акылман» президенттик лицейинин 7-классынын окуучусу, коло медаль;
• Яголковский Артём — «Газпром Кыргызстан» мектебинин 7-классынын окуучусу, Ардак грамота;
• Акимов Атай — «Газпром Кыргызстан» мектебинин 6-классынын окуучусу, катышуучу;
• Анарбаев Эртуран — Бишкек шаарындагы Е. Б. Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектептин 6-классынын окуучусу, катышуучу;
• Канибеков Эмирхан — Бишкек шаарындагы Е. Б. Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектептин 6-классынын окуучусу, катышуучу;
• Курманалиев Нурахмед — Ош шаарындагы Купуев академиясынын 5-классынын окуучусу, катышуучу.
Команданын жетекчиси — Айбар Аманов.
Команданын машыктыруучулары: Мамат Ишматов, Шумкарбек Абдураимов, Бекжол Жолдубай уулу, Айдин Асанкадыров, Нурсултан Эшперов, Назар Киргизбаев.
Кыргызстан профессор Шалтай Смагулов атындагы олимпиадага 2018-жылдан бери активдүү катышып келет.