Көрүлдү: 208
2026-жылдын 17-июнунда инклюзивдүү билим берүү жаатындагы ченемдик-укуктук актыларга функционалдык талдоо жүргүзүү жана Кыргыз Республикасында инклюзивдүү билим берүүгө өтүү боюнча Улуттук жол картасын иштеп чыгуу үчүн жумушчу топтордун потенциалын жогорулатууга багытталган алгачкы тренинг башталды.
Тренинг Smart-Ed биргелешкен долбоорунун 3.0 «Инклюзивдүү билим берүүнү киргизүү боюнча системанын потенциалын чыңдоо» компонентинин алкагында ишке ашырылып жаткан 3.1 «Инклюзивдүү билим берүү жаатындагы улуттук саясаттарды талдоо» жана 3.2 «Инклюзивдүү моделдеги мектептер» подкомпоненттеринин жумушчу топторунун эксперттери үчүн уюштурулду.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ), Билим берүү үчүн глобалдык өнөктөштүктүн (ГӨБ) жана Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) колдоосу менен 2025–2029-жылдары ишке ашырылууда. Анын негизги максаты — Кыргыз Республикасындагы бардык балдар үчүн инклюзивдүү билим алууга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу.
3.1-подкомпонент ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана/же өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар окуучуларды окутууга байланыштуу билим берүү системасындагы учурдагы саясаттарга, процесстерге жана инструменттерге функционалдык талдоо жүргүзүүгө багытталган. Анын жыйынтыгында ченемдик жана усулдук документтерди инклюзивдүү билим берүүнүн принциптерине ылайык келтирүү боюнча кеңири план иштелип чыгып, жалпы билим берүү уюмдарын милдеттүү түрдө колдоо максатында психологиялык-медициналык-педагогикалык консультациялар (ПМПК) жөнүндө жаңыланган жобону ишке киргизүүгө байланыштуу механизмдер жана тиешелүү ченемдик документтер даярдалат.
3.2-подкомпонент инклюзивдүү билим берүүнүн натыйжалуу тажрыйбаларын жайылтуу үчүн моделдик мектептерди түзүүнү, билим берүү процессинин бардык катышуучуларынын — мектеп жетекчилеринин, мугалимдердин жана адистердин кесиптик потенциалын өнүктүрүүгө багытталган аралаш окутуу модулдарын иштеп чыгууну, ошондой эле инклюзивдүү билим берүү моделине өтүү боюнча Улуттук жол картасын даярдоону карайт.
Алгачкы тренинг жергиликтүү эксперттердин, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун, Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлеринин, Республикалык ПМПКнын жана Бишкек шаардык ПМПКнын мүчөлөрүнүн потенциалын жогорулатууга арналган. Ошондой эле тренингдин алкагында инклюзивдүү мамилени колдонгон моделдик мектептерде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана/же өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар окуучуларды психологиялык-педагогикалык жактан коштоп жүрүү боюнча көп тармактуу командаларды түзүү маселелери каралууда.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар инклюзивдүү билим берүү боюнча ченемдик-укуктук базаны жана окуу-усулдук камсыздоону эл аралык принциптерге жана алдыңкы тажрыйбаларга шайкештиги жагынан функционалдык талдоонун усулдук ыкмаларын өздөштүрүп жатышат.
Өзгөчө көңүл жалпы билим берүү системасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана/же өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар окуучуларды психологиялык, медициналык жана педагогикалык жактан колдоонун бирдиктүү системасын түзүү маселелерине бурулууда. Мындай система ар бир баланын билим алууга болгон укугун камсыздоого, алардын муктаждыктарына ылайык колдоо көрсөтүүгө жана сапаттуу инклюзивдүү билим берүү чөйрөсүн калыптандырууга өбөлгө түзөт.