ЖРТ-2026: ОБЛУСТАР БОЮНЧА МЫКТЫ ЖЫЙЫНТЫК КӨРСӨТКӨН 19 БҮТҮРҮҮЧҮНҮН ТИЗМЕСИ
Көрүлдү: 1852
2026-жылы өткөрүлгөн Жалпы республикалык тесттин (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча өлкөнүн аймактарында эң көп упай топтогон 19 бүтүрүүчү аныкталды.
Тизмеге Кыргыз Республикасынын ар бир облусу боюнча мыкты жыйынтык көрсөткөн бүтүрүүчүлөр кирди.
Баткен облусу
- Мурат Абдылдаев — 228 упай, Кызыл-Кыя шаары, Кыргызстандын 50 жылдыгы атындагы №2 орто мектеп;
- Марзия Мамутова — 225 упай, Кадамжай району, Козубай атындагы №10 орто мектеп;
- Бактыяр Мурзамамытов — 225 упай, Кызыл-Кыя шаары, Исхак Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейи.
Жалал-Абад облусу
- Айгерим Борбугулова — 227 упай, Манас шаары, С. Давлетов атындагы №14 инновациялык мектеп-лицейи;
- Мунира Сагындыкова — 225 упай, Майлуу-Суу шаары, Ю.Гагарин атындагы жалпы билим берүү мектеби;
Ош облусу жана Ош шаары
- Сайкал Сайназарова — 229 упай, Кара-Суу районундагы «СТАР» билим берүү комплекси;
- Аяна Ашимжанова — 228 упай, Кара-Суу районундагы «СТАР» билим берүү комплекси;
- Айжамал Дыйканова — 228 упай, Ош шаары, «Купуев академиясы» ЖЧК;
Ысык-Көл облусу
- Перизат Бектенова — 226 упай, Каракол шаары, «Ломоносов мектеби» илимий-билим берүү комплексинин Эл аралык чыгармачылык жана технология мектеби;
- Бермет Талгартбекова — 226 упай, Каракол шаары, Т.Сатылганов атындагы зээндүү балдардын жатак мектеби.
Талас облусу
- Айтурган Жанышова — 226 упай, Манас району, Баялыш уулу Рахман атындагы орто мектеп;
- Арлен Баетов — 225 упай, Талас шаары, “Манас Ата” Талас балдар лицейи;
- Акылай Исакулова — 225 упай, Талас шаары, Талас “Мээрим” окуу-тарбия комплекс-лицейи.
Нарын облусу
- Алиман Орозобекова — 229 упай, Кочкор району, Н. Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектеби;
- Мырзайым Жайлообекова — 227 упай, Кочкор району, А. Жалпетеков атындагы орто мектеп;
- Байэл Турсунбеков — 227 упай, Ат-Башы району, «Ой-Терскен» орто мектеби;
- Рабия Шайырбекова — 227 упай, Кочкор району, Н. Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектеби;
Чүй облусу
- Давид Никитин — 229 упай, Кант шаары, Ысык-Ата району, №3 Кант орто билим берүү мектеби;
- Шахризада Юлдашева — 229 упай, Чүй районундагы «Наследие» жалпы билим берүү мектеби.
-
Белгилей кетсек, ЖРТнын үчүнчү этабынын жыйынтыктарына жараша бул тизме толукталышы мүмкүн.
Эске салсак, 2026-жылы өткөрүлгөн Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча өлкө боюнча эң жогорку упай топтогон 55 бүтүрүүчү «Алтын сертификат» алуу укугуна ээ болгон.
Бөлүшүңүз