Көрүлдү: 6365
Бүгүн, 17-июнда, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаевага 2026-жылы өткөрүлгөн Жалпы республикалык тесттин (ЖРТ) жыйынтыгында өлкө боюнча эң жогорку упай топтогон абитуриенттердин тизмеси расмий түрдө тапшырылды.
Жыйынтыктарды Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева министрге жабык конверт менен берди. Анын ичинде “Алтын сертификат” алган бүтүрүүчүлөрдүн тизмеси жана облустарда жогорку упайларды топтогон мыкты абитуриенттердин тизмеси бар.
ЖРТнын жыйынтыгы боюнча эң жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен бүтүрүүчүлөрдүн тизмеси Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги расмий сайтына жарыяланат.