Маалыматтык саясат сектору (МСС)
Маалыматтык саясат сектору (МСС)
ЭНЕРГЕТИКА ТАРМАГЫ ҮЧҮН КАДРЛАРДЫ ДАЯРДАГАН КЕСИПТИК ЛИЦЕЙГЕ МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ БАРДЫ

Көрүлдү: 397

2026-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов Жалал-Абад облусуна болгон иш-сапарынын алкагында Кара-Көл шаарындагы №89 кесиптик лицейде болду.

post.title

Иш сапардын жүрүшүндө министрдин орун басары окуу жайдын ишмердүүлүгү, жетишкендиктери жана учурдагы көйгөйлөрү менен таанышты.

Белгиленгендей, лицейдин окуу корпусу жана жатаканасы мурдагы «Достук» заводунун жатаканасынын имаратында жайгашкан. Ал жакта атайын спорт зал жана ашкана жок болгондуктан лицей бир катар инфраструктуралык кыйынчылыктарга туш болууда.

Ага карабастан, лицей энергетика тармагы үчүн квалификациялуу адистерди ийгиликтүү даярдап келет. Бүтүрүүчүлөр Нарын, Токтогул, Камбар-Ата, Таш-Көмүр жана Күрп-Сай ГЭСтеринде өндүрүштүк тажрыйбадан өтүп, ишке орношууда. Ошондой эле коомдук тамактануу, тейлөө жана маалыматтык технологиялар багытындагы бүтүрүүчүлөр да эмгек рыногунда суроо-талапка ээ.

Учурда лицейде 171 окуучу төмөнкү адистиктер боюнча билим алууда: графикалык дизайнер (IT), кийим дизайнери, жалпы курулуш иштеринин устасы (болот жана темир-бетон конструкцияларын монтаждоочу, электр-газ ширетүүчү), ашпозчу, официант, кондитер, ошондой эле веб жана мультимедиалык тиркемелерди иштеп чыгуучу.

Иш сапардын жыйынтыгында Альберт Махметкулов лицейдин өлкө үчүн керектүү адистерди даярдоодогу маанилүү ролун белгилеп, анын материалдык-техникалык базасын мындан ары чыңдоо зарылдыгын баса белгиледи.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар