Көрүлдү: 249
Бүгүн, 16-июнда, Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги өнөктөш уюмдар менен биргеликте Түштүк компетенциялар борборунун салтанаттуу ачылыш аземин өткөрүп, аталган борборду ишке киргизди.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, билим берүү мекемелеринин жана өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү катышышты.
Түштүк компетенциялар борбору Ош мамлекеттик университетинин алдындагы №12 кесиптик лицейнин базасында түзүлүп, мектептик жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы тамак-аш блокторунун кызматкерлерин окутууга, квалификациясын жогорулатууга жана коомдук тамактануу жаатындагы кесиптик компетенцияларын сертификациялоого багытталган.
Борбордун ачылышы мектептик тамактануу системасын өркүндөтүү боюнча мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. Бүгүнкү күндө балдарды сапаттуу жана коопсуз тамак-аш менен камсыз кылуу мамлекеттин артыкчылыктуу милдеттеринин катарына кирет. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2026-жылдын 10-июнунда кабыл алынган чечимге ылайык, 2027-жылдын 1-январынан тартып мектептик тамактанууга бөлүнгөн каржылоонун ченеми бир окуучуга күнүнө 14 сомдон 40 сомго чейин көбөйтүлөт. Бул чечим окуучуларды сапаттуу жана тең салмактуу тамактандыруу үчүн кошумча шарттарды түзөт.
Ошол эле учурда мектептик тамактануунун сапаты каржылоого гана эмес, аны уюштурууга катышкан кызматкерлердин кесиптик даярдыгына да түздөн-түз байланыштуу. Ушуга байланыштуу 2022-жылы Бишкек шаарында Республикалык компетенциялар борбору түзүлүп, 2023-жылдан тартып тамак-аш блокторунун кызматкерлерин үзгүлтүксүз окутуу жана квалификациясын жогорулатуу программалары ишке ашырылып келет.
Түштүк компетенциялар борборунун түзүлүшү өлкөнүн түштүк аймактарындагы адистер үчүн окутууга жеткиликтүүлүктү кеңейтет. Борбордо тамак-аш блокторунун кызматкерлери заманбап тамак даярдоо технологиялары, санитардык-гигиеналык талаптар, азык-түлүк коопсуздугу, рационду пландаштыруу жана коомдук тамактанууну уюштуруунун заманбап стандарттары боюнча теориялык жана практикалык билим алышат.
Окутуунун жыйынтыгында катышуучулар кесиптик компетенцияларын тастыктаган сертификациядан өтүшөт. Бул билим берүү уюмдарында тамактануунун сапатын жогорулатууга, кесиптик деңгээлди бекемдөөгө жана тармакта бирдиктүү стандарттарды киргизүүгө өбөлгө түзөт.
Борбор ошондой эле мектептик тамактануу тармагындагы алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу, тажрыйба алмашуу жана адистердин кесиптик өнүгүүсүн колдоо боюнча маанилүү аянтча болуп кызмат кылат.
Түштүк компетенциялар борбору Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы, Россия Федерациясынын “Тармактык тамактануу институтунун” колдоосу менен түзүлдү.
Борбордун ишке кириши мектептик тамактануунун сапатын жогорулатууга, адистердин кесиптик деңгээлин бекемдөөгө жана балдардын ден соолугун коргоого олуттуу таасир этет.