Маалыматтык саясат сектору (МСС)
Маалыматтык саясат сектору (МСС)
ЭКСПЕРТТИК КОМИССИЯ КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН БИЛИМ АЛУУЧУЛАРЫНЫН КОМПЕТЕНЦИЯЛАРЫН ТЫШКЫ МОНИТОРИНГДӨӨНҮН УЛУТТУК МОДЕЛИНИН ДОЛБООРУН КАРАП ЧЫКТЫ

Көрүлдү: 286

2026-жылдын 15-июнунда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде министрликке караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти тарабынан иштелип чыккан кесиптик лицейлердин билим алуучуларынын компетенцияларын тышкы мониторинг жүргүзүүнүн Улуттук моделинин долбоорун талкуулоо жана кароо боюнча эксперттик комиссиянын жыйыны өттү.

post.title

Моделди иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын Улуттук өнүгүү программасынын артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүүдө. Аталган багыттар кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, билим берүү натыйжаларын баалоо системасын өркүндөтүүгө жана эмгек рыногунда талап кылынган атаандаштыкка жөндөмдүү кадрларды даярдоого багытталган.

Модель тышкы мониторинг жүргүзүүнүн бирдиктүү концептуалдык, методологиялык жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт жана кадрларды даярдоонун сапатын, билим алуучулардын кесиптик жана жалпы компетенцияларынын калыптануу деңгээлин, ошондой эле алардын заманбап эмгек рыногунун талаптарына шайкештигин объективдүү баалоого багытталган.

Долбоорду талкуулоого Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү, кесиптик лицейлердин жетекчилери жана адистери, иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү, ошондой эле кесиптик билим берүү тармагындагы эксперттер катышышты.

Жыйынтыгында катышуучулар сунушталган моделди жалпысынан колдошуп, анын кесиптик билим берүүнүн сапатын камсыздоонун улуттук системасын өнүктүрүүдөгү, билим берүү программаларын өркүндөтүүдөгү жана бүтүрүүчүлөрдүн эмгек рыногундагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуудагы маанисин белгилешти.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар