Маалыматтык саясат сектору (МСС)
Маалыматтык саясат сектору (МСС)
АЗИЗ ЖАНА НАЧАР КӨРГӨН БАЛДАР ҮЧҮН АТАЙЫН ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ ЖАТАК-МЕКТЕПТИ ТЕКШЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ

Көрүлдү: 106

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан 2026-жылдын 27–28-апрелинде Бишкек шаарындагы Кулатов көчөсү, 37 дарегинде жайгашкан Азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектепке текшерүү жүргүзүлдү.

post.title

Текшерүүнүн жүрүшүндө төмөнкү маселелер каралды:

- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга сапаттуу билим берүүнү камсыз кылууда окуучулардын укуктарынын сакталуусу;

- коопсуз билим берүү чөйрөсүнүн болушу;

- тамактанууну уюштуруу: аш тизмесинин белгиленген талаптарга шайкештиги (калориялуулук, ар түрдүүлүк, наркы), азык-түлүктөрдүн сапаты, мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды колдонуу фактыларын текшерүү, ашканада санитардык нормалардын сакталуусу;

- тиешелүү квалификациядагы кадрлар менен камсыз кылуу жана алардын квалификациясын жогорулатуу;

- жашоо шарттары жана санитардык абал: бөлмөлөрдүн (уктоочу бөлмөлөр, санитардык түйүндөр) тазалыгы, жашоо шарттарынын белгиленген талаптарга шайкештиги, көрүүсү начар балдар үчүн шарттардын (жеткиликтүүлүк жана коопсуздук) камсыздалышы.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча министрлик тарабынан тиешелүү чаралар көрүлөт.

Азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектептин ишмердүүлүгү министрликтин катуу көзөмөлүндө болот.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар