Көрүлдү: 94
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги социалдык тармактарда тараган мектепке чейинки билим берүү уюмундагы окуя боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайт.
2026-жылдын 24-апрелинде Өзгөн районунун Кара-Таш айылында жайгашкан “Ак ниет шооласы” мектепке чейинки билим берүү уюмунда жетекчи менен тарбиячынын ортосунда пикир келишпестик орун алган.
Тарбиячы жетекчинин баласы бала бакчага кечигип келгендигине байланыштуу аны кабыл албай койгон. Бул жагдай кайым айтышууга себеп болгон. Мындан улам жетекчи маселени жеке тартипте чечпестен, тарбиялануучулардын жана кызматкерлердин көзүнчө орой мамиле жасап, натыйжада пикир келишпестик курчуп кеткен.
Окуяны териштирүү максатында Өзгөн райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү тарабынан өкүлдөр жеринде иш алып барышты.
Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында аталган уюмдун директору ээлеген кызматынан бошотулду.
Ошондой эле, тарбиячы кесиптик этиканын талаптарын бузгандыгы үчүн тартиптик жаза катары сөгүш жарыяланды.
Мындан тышкары, конфликт учурунда уюмдун жамааты тарабынан тиешелүү чаралар көрүлбөй, байкоочу абалда калып, аракетсиздикке жол берилгендиги үчүн тартиптик чара катары эскертүү берилди.
Аталган факт Өзгөн райондук ички иштер бөлүмү тарабынан каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө бала бакчанын жетекчиси жана тарбиячысы бири-бирине карата арыз-доолору жок экендигин билдиришкен.