Маалыматтык саясат сектору (МСС)
Маалыматтык саясат сектору (МСС)
“WORLDSKILLS KYRGYZSTAN 2026”: MASTERSKILLS ЭТАБЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮ УСТАТТАРЫ СЫЙЛАНДЫ

Көрүлдү: 206

Бүгүн, 17-апрелде, “WorldSkills Kyrgyzstan 2026” жумушчу кесиптер боюнча үчүнчү Улуттук чемпионатынын MasterSkills этабынын жыйынтыгында жеңүүчү аталган устаттар сыйланды.

post.title

Тагыраагы, MasterSkills этабында 21 устат “Ширетүүчү”, “Мода технологиясы” жана “Ашпозчулук” компетенциялары боюнча күч сынашты.

“Мода технологиясы” компетенциясы боюнча:

• I орун – Раимберди кызы Перизат, Ош шаары, №16 кесиптик лицейи;

• II орун – Инна Бурлакова, Бишкек шаары, №18 кесиптик лицейи;

• III орун – Болдукан Жунушалиева, Ысык-Көл облусу, №2 кесиптик лицейи.

“Ширетүүчү” компетенциясы боюнча:

• I орун – Манап Мамытканов, Ысык-Көл облусу, №22 кесиптик лицей;

• II орун – Аккрам Азимов, Бишкек шаары, №27 кесиптик лицей;

• III орун – Бекбол Адан уулу, Ош облусу, №62 кесиптик лицей.

“Ашпозчулук” компетенциясы боюнча:

• I орун – Эркингүл Кудайбергенова, Бишкек шаары, №18 кесиптик лицейи;

• II орун – Нургүл Самудинова, Ысык-Көл облусу, №2 кесиптик лицейи;

• III орун – Кундузхан Жапарова, Талас облусу, №6 кесиптик лицей.

Мындан тышкары, улуттук чемпионатта окуучулары I, II жана III орундарды ээлеген устаттарга Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан Ысык-Көл облусундагы ден соолукту чыңдоо борборуна жолдомолор тапшырылды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар