Көрүлдү: 567
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги борбордук аппаратынын башкы (башкармалыктын башчысы, бөлүмдүн башчысы) жана улук (сектордун башчысы, башкы адис) административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү максатында ачык конкурс жарыялайт.
|
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш: |
|
- электрондук жеке арызы; - өздүк баракча; - резюме (электрондук даректи көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттолбогондугу тууралуу маалымат); - негизги жана кошумча билими бар болсо ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; - эмгек китепчесинин көчүрмөсү; - илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; - паспорттун көчүрмөсү; - соттолбогондугу тууралуу ИИМ маалымкаты. |
|
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2026-жылдын 16-апрелинен тартып 1-майына чейин (30-апрель саат 18.00 чейин). Байланыш телефону: (0312) 62-05-09, https://kyzmat.gov.kg/ru шилтемеси аркылуу документ тапшыруу зарыл. (КР Агартуу министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси Эрмек Аида) |