Маалыматтык саясат сектору (МСС)
Маалыматтык саясат сектору (МСС)
ЖЕКЕ МЕНЧИК МЕКТЕПТЕР ҮЧҮН ТЕКШЕРҮҮЛӨРГӨ МОРАТОРИЙ ЖАНА ЛИЦЕНЗИЯЛОО ТАЛАПТАРЫ БОЮНЧА ОНЛАЙН ЖЫЙЫН ӨТКӨРҮЛДҮ

Көрүлдү: 229

Бүгүн, 15-апрелде, агартуу министринин орун басары Альберт Махметкуловдун катышуусунда жеке менчик мектептер үчүн текшерүүлөргө мораторий жана лицензиялоо талаптары боюнча онлайн жыйын өткөрүлдү. Жыйынга 100дөн ашуун жеке менчик билим берүү уюмдарынын жетекчилери катышты.

post.title

Жыйындын жүрүшүндө министрдин орун басары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 14-мартындагы ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) жөнүндө Жарлыгына ылайык, бардык текшерүүлөр убактылуу токтотулганын маалымдады. Анын айтымында, 2026-жылдын 31-декабрына чейин мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөргө чектөө киргизилген.

Ошол эле учурда Альберт Махметкулов жеке менчик мектептерге карата текшерүүлөр расмий арыздардын негизинде же мыйзам бузуулардын конкреттүү фактылары катталган учурларда гана жүргүзүлөрүн белгиледи.

Онлайн жыйында министрликтин аккредитациялоо жана лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Акулова “Жеке менчик мектептерге текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу маселелери” темасында баяндама жасап, кеңири түшүндүрмө берди.

Ал мораторий мезгилинде министрлик тарабынан консультациялык жана түшүндүрүү иштери күчөтүлөрүн белгилеп, бул чаралар ишкердик субъекттерине мыйзам талаптарын так сактоого, мүмкүн болгон мыйзам бузууларды алдын алууга жана ишмердүүлүгүн жакшыртууга көмөк көрсөтөрүн айтты.

“Жеке менчик мектептер билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн тиешелүү лицензияны милдеттүү түрдө алышы керек жана лицензиялык талаптарды так сактоого тийиш. Мораторий бул талаптарды жокко чыгарбайт жана жоопкерчиликти жеңилдетпейт”, — деди Акулова.

Анын айтымында, мораторий күчүнө киргенден бери Бишкек шаарында мамлекеттик органдардын жана жарандардын кайрылууларынын негизинде 30дан ашуун жеке менчик мектепте текшерүүлөр жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында айрым билим берүү уюмдарына эскертүүлөр берилсе, кээ бирлерине айып пулдар салынган.

Ошондой эле Бактыгүл Акулова баяндамасында “Лицензиялоо” автоматташтырылган маалымат системасынын (https://license.edu.gov.kg/) учурдагы абалына токтолуп, билим берүү уюмдарын верификациялоо процессин күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар